Түркиянын ЮНЕСКОдогу маданий элементтеринин саны 19га жетти
Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.
Түркиянын БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталган маданий элементтеринин саны 19га жетти.
Тышкы иштер министрлиги "Миниатюралык искусство талапкерлигин камтыган документти ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине каттоо" боюнча билдирүү таратты.
Билдирүүдө, Түркиянын Азербайжан, Иран жана Өзбекстан менен бирге тапшырган "Миниатюралык искусство" аттуу көп улуттуу файлдын, 14-19-декабрда виртуалдык түрдө өткөрүлгөн 15-Материалдык эмес маданий мурас комитетинин жыйында ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине катталгандыгы белгиленди. Билдирүүдө: «Биз терең тамырлаш тарыхыбыздан алып келген бай маданий баалуулуктарыбызды сактап калууну жана жайылтууну мындан ары дагы улантабыз» деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.