Кибеле айкели келген конокторун тосуп алды

Кибеле айкели андан кийин Афьонкарахисарда жаңы курула турган музейге алып барылат.

1546017
Кибеле айкели келген конокторун тосуп алды

Тарыхка чейинки мезгилдерде молчулуктун жана берелүүлүктүн символу, коргоочусу экендигине ишенилген Кибеле айкели конокторун тосуп ала баштады.

60 жылга жакын убакыттан кийин маданият жана туризм министрлиги тарабынан Түркияга кайтарылып берилген айкел убактылуу турган жери Стамбул археологиялык музейлеринде келген конокторун тосуп алды.

1960 -  жылдары Түркиядан мыйзамсыз жолдор менен Израилге алып барылып сатылган жана оң миңдеген километр жол жүргөндөн кийин АКШдан ата мекенине алып келинген Кибеле адистер тарабынан биздин замандын 3 -  кылымына катталууда.

Жер Ортолук деңиз аймагында айрыкча Анадолуда илгерки доорлордон бери "эне кудайы" катары сыйынылып келген 1700 жылдык Кибеленин эки тарабындагы арстандар анын жаратылышка жана жаныбарларга болгон үстөмдүгүнүн символу.

Кибеленин жазуу бөлүгүндө : «Гермейостун уулу Сидерополистик Асклепиадести Он эки Энеге курмандыкка чалды",- деп билдирилген.

Кибеле айкели кийинчерээк Афьонкарахисарда жаңы курула турган музейге алып барылат.



Тектеш кабарлар