Түркияда төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча жыйналыш болду

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өткөн Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу комитетинин жыйынына катышты.

1536108
Түркияда төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча жыйналыш болду
Dünya Göçebe Oyunları K.İmanaliev2.jpg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өткөн Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруу комитетинин жыйынына катышты.

Туркия мамлекети Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасын колдонот жана ар дайым кызматташта болот. Бул тууралуу Түркиянын Анкара шаарында өткөн жыйында белгилүү болду.

Белгилей кетсек Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруп – өткөрүү боюнча жумушчу комитетинин жыйыны өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене- тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Венгрия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып, спорттук жана маданий иш- чаралардын долбоору, жобосу талкууланды.

Жыйында Маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев баяндама жасап, буга чейин Кыргызстанда өткөрүлгөн I, II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этно маданий иш чараларынын кандай өткөндүгү тууралуу айтып жатып, Түркияда өтө турган көчмөндөр оюндарынын жобосуна ар мамлекет өзүнүн маданиятын таанытууга кеңири мүмкүнчүлүк берип, маданий иш- чараларга кеңири аянтча түзүп берүү тууралуу сунушун билдирди. Ошондой эле, “Көчмөндөр ааламы” этно фестивалын жана кол өнөрчүлөр үчүн “Этно базарды” уюштуруп берүү сунушун киргизди. Өз кезегинде Кыргызстандын искусство адамдары чыгармачылык курам менен бирге Түркиянын маданий ишмерлерине көмөк көрсөткөнгө жана Кыргызстандын маданиятын Түркия жергесинде дагы бир ирет дүйнөгө таанытууга зор даярдык менен келээрин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитети буга чейин Кыргызстандын үч жолу өткөргөн тажрыйбасын колдоноорун белгилеп, сунуштарын кабыл алаары айтылды.

Белгилей кетсек, Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун Түркия мамлекетинин Изник шаарында 2021-жылдын сентябрь айында өтөт. Изник шаарынын тандалып алынышы өзгөчө символикага ээ. Анктени, аталган шаарда баатырдык көргөзгөн “Кыргыз аскерлеринин” айкели жайгашып, ал жакта орун алган көл дагы Ысык- Көлгө окшош экендигин министрдин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Жыйындан кийин Кайрат Иманалиев Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдат Амреев менен жолугуп, Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнун жогорку деңгээлде өткөрүп алуу тууралуу пикир алмашты.

 



Тектеш кабарлар