Коммуникация башкармалыгы Превеза Деңиз жеңишинин голограмма көрсөтүүсүн тартуулады

Халичте Превеза Деңиз жеңиши тууралуу голограмма көрсөтүлдү.

1499480
Коммуникация башкармалыгы Превеза Деңиз жеңишинин голограмма көрсөтүүсүн тартуулады
preveze deniz zaferi.jpg
preveze deniz zaferi.jpg
preveze deniz zaferi.jpg
preveze deniz zaferi.jpg

Коммуникация башкармалыгы Превеза Деңиз жеңишинин 482 жылдыгына карата Стамбулдагы Халичте кинематографиялык үн тутумунун коштоосунда үч өлчөмдүү сүрөт (голограмма) көрсөтүүн тартуулады.

Халичте Превеза деңизинин жеңиши темасында пардадагы голограмма көрсөтүүсү 5 мүнөткө созулду.

Президенттиктин жана Коммуникация башкармалыгынын социалдык тармактарындагы аккаунттары аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн Превеза Деңиз жеңишинин түрк жана дүйнө тарыхы жагынан мааниси түшүндүрүлдү.

Көрсөтүүнүн таантылышында, «Тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылган деңиз жеңишибиз, Түркиянын бүгүнкү күндө улуу деңиз державасы болуу салтын улантуунун эң чоң булагы. Ошондуктан улуттук коопсуздугубузду коргоп, тынчтык жана туруктуулук үчүн суу жолундагы укуктарыбыз үчүн аймактын бардык жерлеринде күрөштү улантабыз. Ата-бабаларыбыз мурас калтырган  тик турушубузду сактоого чечкиндүүбүз»,делди.

Көрсөтүү YouTube каналындагы Президенттик жана Коммуникация башкармалыгынын социалдык тармактардагы аккаунттарында жана телеканалдарда көрүүчүлөргө тартууланды.

Президенттик Аппараттын Превеза Деңиз жеңиши жөнүндө санариптик чындык (VR) ролигин да даярдады. Сөз болуп жаткан видеого "youtube.com/watch?v=VKPmPetU11w" дареги боюнча кирүүгө болот.

Превеза деңиз согушу - Барбарос Хайреттин Пашанын 1538-жылы 27-сентябрда Андреа Дориянын кол астындагы Кресттүүлөрдүн аскерлерин талкалаган деңиз согушу. Согушта Осмон империясы улуу жеңишке ээ болгон. Согуштун натыйжасында Жер Ортолук деңиздеги аскердик артыкчылык толугу менен Осмон империясына өткөн.



Тектеш кабарлар