Битлисте Византия жана Селжук мезгилине таандык тыйындар табылды
Лабораториялык изилдөөлөрдүн уланып жаткандыгын да билдирилди.
Битлис сепилинде жүргүзүлгөн казуу иштеринде Византия жана Селжук мезгилине таандык 10 тыйын табылды.
Ахлат музей дирекциясы тарабынан Битлис сепилинде жүргүзүлгөн казууларга Фырат университетинин Гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин Археология бөлүмү жана Илимий казуу иштери боюнча координатор др. Коркмаз Шен жетекчилик кылууда.
Шен 2020-жылы казуу иштерин бүтүргөндөрүн белгилеп: «Табылган айрым монеталар Осмон жана Византия мезгилине таандык. Ошондой эле айнек жана кафель табылгаларды, темир буюмдарды, түрдүү керамикаларды таптык»,-деди.
Коркмаз Шен, лабораториялык изилдөөлөрдүн уланып жаткандыгын да айтты.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.