30-Август Жеңиш майрамы
Бүгүн 30-Август Боштондук согушун жеңиш менен аякатаган майрамын белгилеп жатабыз.
Бүгүн 30-Август Боштондук согушун жеңиш менен аякатаган майрамын белгилеп жатабыз. Мындан 98 жыл мурда Ататүрк башында турган түрк аскерлери душманды өлкөдөн кубалап чыгып жеңишке жетишти. 1-Дүйнөлүк согуштун жыйынтыгында Осмон мамлекетинин жеңилиши жана өлкөнүн территорияларынын чет элдик күчтөр тарабынан басып алуусуна Греция армиясынын Анадолу жергесин басып алуу аракети да кошулду. Ушундан улам бир канча жылга созула турган Боштондук күрөшү башталды. Бул согуштун акыркы алкагы 1922-жылы дал ушул куну жеңишке жетишкен.
Бул жеңиш көз карандысыз Түркия Республикасынын курулушуна мүмкүнчүлүк түздү. Көз карандысыздыгыбыздын гарантиясы баатыр армиябыздын жана улутубуздун 30-Август Жеңиш майрамын куттуктап, бул куттуу жеңишке жетишине милдет алган, канын, терин баатырларча агызган жана бул кооз мекенди бизге белек кылган аталарбыздын жаркын элесин урматтоо менен эскеребиз.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.