Малазгирт жеңишине арналган иш-чаралар башталды

Малазгирт жеңишинин 949 жылдыгы белгиленүүдө.

1477847
Малазгирт жеңишине арналган иш-чаралар башталды

Битлистин Ахлат жана Муштун Малазгирт райондорунда 26-Август Малазгирт жеңишинин 949 жылдыгына арналган иш-чаралар аземдер менен башталды.

«Түрктөрдүн Анаролуга кире бериш (1071) каалгасы» деп сыпатталган Малазгиртте жана «Анадолунун титулдук баракчасы» деп аталган Ахлатта Аба күчтөрүнүн командачылыгынын акробатикалык тобу "Түрк жылдыздары" жеңиштин 949 жылдыгына карата атайын учууларды аткарышты.

Невшехир жандармериясынын ат жана иттерди үйрөтүү борборунун командачылыгынан (JAKEM) келген 8 ат жана 8 атчан катышуучулардын көңүлүн бурду.

Көптөн бери даярдыктары көрүлүп жаткан иш-чаралардын биринчи күнүндө стол тенниси, гольф жана бадминтон сыяктуу оюндар ойнотулуп, балдар арасында жаа атуу мелдештери болуп өттү.



Тектеш кабарлар