"Мавзер" тасмасы Сараево кинофестивалында дүйнөлүк премьерасын өткөрөт

Ошондой эле фестивалда Түркия менен Европа өлкөлөрүнөн 49 кинотасма көрсөтүлөт.

1461337
"Мавзер" тасмасы Сараево кинофестивалында дүйнөлүк премьерасын өткөрөт

Режиссер Фатих Өзжандын 2020-жылы тартылган "Мавзер" кинотасмасы 26-Сараево кинофестивалында дүйнөлүк премьерасын өткөрөт.

14-21-августта Босния-Герцеговинанын борбор шаары Сараеводо боло турган иш-чарада дүйнөлүк премьерасын өткөрө турган "Мавзер" кинотасмасы фестивалдын негизги номинациясында да ат салышат.

"Мавзер" Анадолу тоосундагы бир айылда болгон окуяны баяндайт. Тасма Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Нигде шаарынын Чамарды районунда тартылды.

Ошондой эле фестивалда Түркия менен Европа өлкөлөрүнөн 49 кинотасма көрсөтүлөт.

Бул учурда документалдык тасмалар номинациясында режиссер Эйтан Ипекердин "Таймаш" (The Pageant), ал эми кыска метраждуу фильм категориясында режиссер Ырмак Карасунун "Мамавилле" жана студенттик кино номинациясында режиссер Зейнеп Дилан Сүрендин "Стамбул депрессиясы" да быйылкы фестивалда ат салышат.



Тектеш кабарлар