Атактуу актер Жон Траволтанын жубайы каза болду
57 жаштагы Келли Престон «Эгиздер» жана «Жаңы бир башталгыч» сыяктуу бир топ атактуу Голливуд филиминде жана кээ бир телекөрсөтүү программаларында орун алган.
Америкалык актер Жон Траволтанын өзү сыяктуу актриса болгон жубайы Келли Престон рак оорусунан улам каза болду.
Жон Траволта соцтармактан берген маалыматында эки жылдан бери эмчек рагынан дарыланып жаткан жубайынын каза болгонун билдирди.
57 жаштагы Келли Престон «Эгиздер» жана «Жаңы бир башталгыч» сыяктуу бир топ атактуу Голливуд филиминде жана кээ бир телекөрсөтүү программаларында орун алган.
Траволта менен Престон 1988 - жылы бирге роль алган «Профессионалдар» киносунда таанышкан жана 28 жылдан бери бирге үй - бүлө катары өмүр сүрүп келе жаткан. Эки кызы болгон жубайлар акыркы жолу 2018 - жылы тартылган “Gotti” киносунда бирдикте роль ойношкон.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.