Түркиянын онлайн искусство иш-чараларын таанытуу барагы ачылды

Маданият жана туризм министрлигинин жарыясында саякатчылардын маанилүү бөлүмү үйүндө олтурган ушул мезгилде ачылган «www.liveturkey.com» интернет барагы аркылуу Түркияга байланыштуу көп нерсени үйрөнө турганы маалымдалды.

1402887
Түркиянын онлайн искусство иш-чараларын таанытуу барагы ачылды

Түркиянын глобалдык базарда туризмин таанытуусун милдеттенген Түркиянын Туризм таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги, Маданият жана туризм министрлигинин курамында «www.liveturkey.com» интернет барагын иштеп чыкты.

Маданият жана туризм министрлигинин жарыясында саякатчылардын маанилүү бөлүмү үйүндө олтурган ушул мезгилде ачылган «www.liveturkey.com» интернет барагы аркылуу Түркияга байланыштуу маданияттан искусствого чейин, тарыхтан спортко чейин, гастрономиядан көңүл ачууга чейин көп сандаган тажрыйбаны, көпчүлүк убакта түз эфирлерде көрүүчүлөрдүн экрандарына чыгара турганы белгиленди.

Чет элдик туристтердин Түркия тууралуу кызыккан нерселери жана сагынган сыноолорун чогулткан интернет барагынын, Маданият жана туризм министрлиги уюштурган онлайн искусство иш-чараларын дүйнөгө жеткире турганы да билдирилген жарыяда, «Атактуу ашпозчулардын катышуусу менен түрк тамактарынын жасалышы тууралуу видеолорун жарыялай турган барак, маанилүү музейлерибиздин искусство турларына багыттайт, Түркияда авантюра жана табият спорттору үчүн таанытуу платформасы катары өлкөбүзгө саякат кылууга дем берет. Айрыкча «liveturkey.com» адресинде глобалдык туризм кардарларына үйлөрүндө өткөрүшкөн мөөнөтү убагында Түркияда эмнелер бар экенин билип алуу мүмкүпчүлүгүн сунушайт»,делди.



Тектеш кабарлар