ЮНЕСКОнун маданий мурас тизмесине Түркиядан дагы 5 баалуулук кирди
2019 - жылы тизмеде 78 болгон Түркиянын маданий байлык саны 83 жетти.
1400180
БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюуму ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас тизмесине 5 баалуулугун киргизген Түркиянын бул тизмедеги маданий байлыгынын саны 83кө жогорулады.
Маданият жана туризм министрлигинен берилген маалыматка караганда ЮНЕСКОго сунушталган жана дүйнөлүк мурас болуунун биринчи кадамы болгон убактылуу тизмеге 16 - апрелде Түркиядан 5 маданий баалуулук дагы кошулду. Ушундайча 2019 - жылы тизмеде 78 болгон Түркиянын маданий байлык саны 83 жетти.
Тизмеге кирген маданий баалуулуктарды Анкаранын Бейпазары тарыхый шаары, Измир тарыхый порт шаары, Османиедеги Каратепе - Асланташ археологиялык аянты, Кайсеридеги Коркмаз өрөөнү менен Диярбакырдагы Зерзеван чеби менен Митхраум түздү.