YTB онлайн медиа академиясы программасын баштайт

YTBнын  жазуу түрүндөгү жарыясына караганда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында убактысын үйүндө өткөргөн чет өлкөдөгү жаш атуулдар үчүн интернет аркылуу уюштурулган билим берүү программалары улантылууда.

1397026
YTB онлайн медиа академиясы программасын баштайт

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы  (YTB), чет өлкөдө жашаган журналист талапкерлерин колдоо максатында «YTB Online Medya Akademisi» (YTB онлайн медиа академиясы) программасын баштады.

YTBнын  жазуу түрүндөгү жарыясына караганда жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрүнүн алкагында убактысын үйүндө өткөргөн чет өлкөдөгү жаш атуулдар үчүн "Evde Kal Eğitimle Kal" (Үйдө болуп билим ал) урааны менен интернет аркылуу уюштурулган билим берүү программалары улантылууда.

Ушул алкакта медиа секторуна кызыккан жана бул тармакта өзүн өнүктүргүсү келген чет өлкөдөгү жаштарга карай уюштурулган  "YTB Online Medya Akademisi"  программасы менен да бул тармакта иштегиси келген жаштардын карьерасына салым кошуу максатталууда.

Интернет аркылуу 19-23-апрелдин арасында өтө турган программада медиа сабаттуулугу, жаңы медиа ишке ашыруулары, санариптик доордо журналисттик темалары баш болгон бир топ теориялык жана ишке ашырууларын камтыган мазмун орун алат.

Чет өлкөдө жашаган түрк атуулдары, көгүш карточкалуулар жана кош атуулдугу болгондор пайдалана ала турган программага кайрылуу үчүн 1990-жылдын 1-январынан 2002-жылдын 1-январына чейин төрөлгөн болуш керек.  

Талапкерлердин Германия, АКШ,Австрия,Астралия, Бельгия, Улуу Британия, Дания, Финляндия, Франция, Нидерландия, Швеция, Швейцария, Канада, Норвегия жана Италияда жашаган болушу да кайрылуу шарттарынын арасында орун алган.

Программада кайрылуулар 17-апрелде аяктайт.

Талапкерлер кеңири маалыматты «www.ytb.gov.tr» адресинен алса болот.



Тектеш кабарлар