Кыргызстандыктар Анкарада жаңы жылды тосушту
Жаңы жылдык иш-чарага Аскат Мусабеков баштаган бир топ ыр чеберлери катышып кечени шаңга бөлөштү.
Кыргызстандыктар Анкарада жаңы 2020-жылды көңүлдүү тосушту.
Жаңы жылдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана жубайы Айнура Омокеева, Элчилик кызматкерлери, Кыргызстандын Түрксойдогу өкүлү, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин жана жубайы Жибек Турганбаева, Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзура Жумакунова жана жолдошу жеке ишкер Разак Сайдилканов баштаган Анкарадагы Кыргыз жарандары катышышты.
Кыргызстандан Стамбулга андан Анкарага келген КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери, ырчы жана аткаруучу Аскат Мусабеков шаңдуу ырларын аткарып иш-чараны шаңга бөлөдү. Ошондой эле ырчы-комузчу Тилекгүл Абылова жаңы жылга арналган чыгармаларды жана бир тууган агасы Күмөндөр Абылов обонун чыгарган ырларды аткарып келгендердин жарпын жазды.
Ал эми Анталия таланттары Бексултан Алимбеков, Рамис Таалайбеков, Гүлжан Усупбаева, Орозбек Тоялиев, Бурул Асан кыргыздын эң мыкты ырларын аткарышып жаңы жылдык кеченин шаңына шаң кошушту.
Кечеде Кыргыз үй-бүлөлөрдүн тестиер балдары ары бери чуркап ойношуп, аяз атадан белек алып эстеринде калган өзгөчө күн болду.
Кеченин уюштуруучлары Анкарадагы жеке ишкер Нурбек Табышев жана студенттик кеңештин башчысы Өмүрбек Орункуловго кечеге катышуучулар ыраазычылыгын билдирип жатышты.