Босния - Герцеговинада түрк кино жумалыгы башталды
Босниялык кино сүйүүчүлөр 5 күн түрдүү тематикада 7 түрк киносун көрө алышат.
1322335
Маданият жана туризм министрлигинин кино башкы директорлугунун колдоосу менен Юнус Эмре Институту тарабынан Босния - Герцеговинада түрк тасма жумалыгы башталды.
Бул жылы тогузунчусу өткөрүлгөн жана биринчи жолу 23 башка шаарда өткөрүлө турган иш чаранын негизинде босниялык кино сүйүүчүлөр 5 күн түрдүү тематикада 7 түрк киносун көрө алышат.
Түрк кино жумалыгынын негизинде кечээ кечинде биринчи болуп Сараеводогу «Меетинг Поинт» кино театрында режиссеру Кемал Узун болгон «Анкара жазы - коштошуу каты» киносу көрсөтүлдү.
Иш чаранын негизинде «Хоккобаз», «Дедемин инсанлары», «Бана масал анлатма», «Айла», «Рафадан тайфа дехлиз мажералары» жана «Жан достлар» аттуу кинолор кино сүйүүчүлөрүнө көрсөтүлөт.