Пакистанда түрк суфи музыка кечеси өткөрүлдү

Түрк суфи музыка тобу Кония түрк суфи музыка тобу менен семазендер Исламбадда пакистандык угармандар менен жолугушту.

1314445
Пакистанда  түрк суфи музыка кечеси өткөрүлдү
sufi.jpg
yurdakul.jpg
yurdakul.jpg
sufi.jpg

Түрк суфи музыка тобу Кония түрк суфи музыка тобу менен семазендер Исламбадда пакистандык угармандар менен жолугушту.

Жиннах Конгресс Борборунда өткөн иш чарага Пакистан парламентинин астыңкы канаты Улуттук Парламенттин спикеринин орун басары Касым Сури, Түркиянын Исламабад элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул менен көп сандаган чет элдик миссиянын өкүлү жана башка коноктор катышты.

Юрдакул суфи музыкасын уктуруу жана сема аземинен мурда сүйлөгөн сөзүндө 800 жылдан ашуун тарыхы болгон сема аземи жана суфи музыкасынын бир гана көз менен кулакка эле жагымдуу келбестен ошол эле учурда суфиликтеги сүйүү түшүнүгүн билдиргендигин айтты.

Мевлана Желаледдин Руминин Месневисинен диний сүйүүдөн сөз кылган бөлүктөрдү бөлүшкөн  Юрдакул : «Мевлана эң негизги чыгармасы болгон Месневинин борборуна Куран менен Азырети Мухаммедди койду. Ар бир сөзү, ар бир сүйлөмү экөөсүнүн тегерегинде болот»,- деди.

Сема аземи жана семазендер тууралуу маалыматтарды да берген Юрдакул  кыймылдар, кийимдер жана аспаптардын ар биринин маанисин түшүндүрдү.

Элчи Юрдакул сөз сүйлөгөндөн кийин суфи музыкасы уктурулуп, сема аземи өткөрүлдү.



Тектеш кабарлар