Ататүрктүн түбөлүк жайына зыярат...

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Твиттер барагынан бөлүшүлгөн видеодо, Ататүрктүн түбөлүк жайы Аныткабырды жыл сайын миллиондогон киши зыярат кылганы белгиленди.

Ататүрктүн түбөлүк жайына зыярат...
Улуу жол башчы Ататүрктүн түбөлүк жайына зыярат кантип башталат?
Улуу жол башчы Ататүрктүн түбөлүк жайына зыярат кантип башталат?

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайына зыяратка даярдануу...

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан Түркия Республикасынын куруучусу жана Түрк улутунун жол башчысы Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 81 жылдыгынан улам Аныткабыр түшүндүрүлгөн видео даярдалды.

Министрликтин Твиттер барагынан бөлүшүлгөн видеодо, Ататүрктүн түбөлүк жайы Аныткабырды жыл сайын миллиондогон киши зыярат кылганы белгиленди.

Видеодо Аныткабырга барган зыяратчылар колдонгон жана расмий аземдердин башталгыч жери болгон Арстандуу жолдун көрүнүштөрүнө орун берилип, «262 метр узундуктагы Арстандуу жолдун башында Ататүрктү жоктогон Түрк улутунун терең кайгыруусун символдогон 3 аял жана 3 эркек айкели орун алган. Жолдун эки жагында Ататүрктүн Түрк жана Анадолу тарыхына берген мааниге кайрылып, Анадолуда чоң мамлекет курган Хеттердин арстан ыкмасына шайкеш түрдө отурган 24 арстан айкели орун алган. Түрк уламыштарында күч жана кудретти өкүлдүк кылган арстандар, турган турпаты менен жайдары...Бул түрк улутунун мекенине, желегине жана көз карандысыздыгына тийишмейинче тынчтыкты жактаганын көрсөтүп турат»,делди.

Арстандуу жолдун орто эсеп менен беш сантиметрдик аралыктар менен жана ассиметриялык төшөлгөн таштардан турган видеодо, «Жолдун эки тарабында Виргиния түрүндөгү арчалар орун алган. Төрт мезгил жалбырактары түшпөгөн Виргиния арчаларынын тигилгенинин себеби болсо зыяратчыларды шаардын көрүнүшүнөн алыстатып Ататүрккө зыярат кылууга даярдоо болуп эсептелет» деген маалымат берилди.

Ататүрктүн ыйык сөөгүнүн түбөлүк жайына Түрк аскеринин ийиндеринде 1953-жылы 10-ноябрда ушул жол менен ташылганы түшүндүрүлгөн видеонун акырында, Улуу жол башчынын «Түрк, туткундукту кабыл албаган улут болуп саналат. Түрк улуту туткун болгон жок»,сөзүнө орун берилди.

 

 



Тектеш кабарлар