Анкаранын Чубук районунда Кыргыздар концерт коет
Эл аралык 14-Чубук маданият жана туздалган бадыраң фестивалына даярдыктар кызуу жүрүп жатат.
Анкаранын Чубук муниципалитетинин Эл аралык 14-Чубук маданият жана туздалган бадыраң фестивалына даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Фестивалда 5-сентябрь күнү Кыргыз жана Түрк ырчылары сахнада өнөрлөрүн биргелеше тартуулашат.
Бул күндү Чубук муниципалитети менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги биргеликте көтөрүп, Кыргызстандан Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов, Тилекгүл Абылова жана Канат Мукун Абылов жана ошондой эле жаш таланттар Эркинбек уулу Айтмат, Перизат Нурбек кызы сахнага чыгат. Аны менен бирге Кыргыздын кол өнөрчүлүк буюмдары орун алып Кыргыз маданияты Анкара калкына кеңири таанытылат. Иш-чара кечки саат 16:00да башталат. Келип көрүп кетиңиздер...
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.