Жеймс Артур Анталияда концерт берди

Артур 2 саатка жакын сахнада болгон концертинде сүйүлгөн ырларын аткарды.

1221211
Жеймс Артур Анталияда концерт берди

Британиялык ырчы жана акын Жеймс Артур Анталияда сүйүлгөн ырларын аткарды. Артур Regnum Live in Concertтин негизинде бири биринен белгилүү дүйнө жылдыздарын тосуп алган Regnum Caryaнын концерт аянтында музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту. Impossible аттуу ыры менен чыккан жана Say You Won't Let Go аттуу ыры мнен музыка тизмелеринде биринчи орунду алган Артур 2 саатка жакын сахнада болгон концертинде сүйүлгөн ырларын аткарды.

Жергиликтүү жана чет элдик көп сандаган турист көргөн концертте жаш ырчы Артурдун ырларына музыка сүйүүчүлөр да коштоду.

Өткөн жылы дүйнө жылдыздары Дуа Липа, Том Жонс, Энн Мари жана Рита Ораны тосуп алган Regnum Live in Concert Артурдан кийин америкалык ырчы, актер Жонсон Деруло, АКШлык ырчы Женнифер Лопести да конок кылат.

 

 



Тектеш кабарлар