Москвада "Түрктөрдүн объективинен Орусия" көргөзмөсү ачылды

Ачылуу аземине Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, түрк жана Орусия жарандары катышты.

1213596
Москвада "Түрктөрдүн объективинен Орусия" көргөзмөсү ачылды

Орусиянын борбор шаары Москвада түрк жарандарынын Орусияда тарткан фотографияларынан турган көргөзмө ачылды. Москва Юнус эмре Институтунда ачылган «Түрктөрдүн объективинен Орусия» аттуу көргөзмөсүндө 24 катышуучунун 40 фотографиясы орун алды.

Ачылуу аземине Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, түрк жана Орусия жарандары катышты.

Москавадагы Юнус Эмре Инсттитуту жана Орусия  - Түркия ишкерлер ассоцациясы менен биргелеше өткөрүлгөн көргөзмөнүн негизинде тартылган фотография конкурсунда даражага кирген үч кишиге сыйлык берилди.

Көргөзмө 10 -  июнга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар