57 - полк Гелиболу симфониясы Москвада
Композитор Жан Атилланын Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгына арнап чыгарган 57 – полк Гелиболу симфониясы Орусиянын борбор шаары Москвада музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту.
Композитор Жан Атилланын Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгына арнап чыгарган 57 – полк Гелиболу симфониясы Орусиянын борбор шаары Москвада музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту.
Түркия - Орусия бири бирине карата маданият жана туризм жылынын негизинде Түркиянын Москвадагы элчилиги жана Москва Юнус Эмре Институтунун кызматташуусу менен Чайковский чоң концерт залында өткөрүлгөн концертке Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, түрк композитор Атилла жана көп сандаган түрк жана орусиялык конок катышты.
Атилланын Чанаккале жеңишинин 100 жылдыгы үчүн даярдаган «57 - полк – Гелиболу симфониясы 2» аттуу чыгармасы Москва консерваториясынын симфониялык оркестры тарабынан аткарылды.
Түркиянын алдыңкы шефтеринен Хажеттепе университетинин симфониялык директору жана Анкара мамлекеттик консерваториясынын мугалими шеф Бурак Түзүндүн башкаруусундагы оркестрга сопрано Ангела Ахыскал менен соло виолончель Сердар Расул солист катары коштоду.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.