CİMERге эл аралык сыйлык...

CİMER «Эң мыкты долбоор» деп тандалды.

1181200
CİMERге эл аралык сыйлык...
cimer odul1.jpg
cimer odul2.jpg

Президенттиктин байланыш борбору- CİMER, Дүйнөлүк маалымат коомчулугу саммитинде «маалыматка жетүү» тармагында «Эң мыкты долдоор» «WSIS Prize 2019 Champion» деп тандалды.

Президенттиктин байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун, Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Президенттиктин байланыш башкармалыгы катары алгачкы эл аралык сыйлыгыбызды алдык. БУУнун Эл аралык телекоммуникация бирикмесинин Женевада уюштурган Дүйнөлүк маалымат коомчулугу саммитинде CİMER маалыматка жетүү тармагында 366 долбоордун арасынан «Эң мыкты долбоор» деп тандалды»,-деди.

Алтун саммиттин жана сыйлыктын көрүнүштөрүн да бөлүштү.

Фахреттин Алтун, президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен түзүлгөн жана мамлекет менен коомчулуктун байланышын күчтөндүрүүнүн алкагында өтө маанилүү милдетти аткарган CİMERдин «Эң мыкты долбоор» деп тандалышына абдан кубанып жаткандарын билдирди.

8-апрелде башталып «Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн маалымат жана байланыш технологиялары» темасы менен 12-апрелге чейин улана турган Дүйнөлүк маалымат коомчулугу саммитинин форуму, маалыматтык байланыш технологияларынын өнүгүүсүнө карата жалпы коомчулуктун жыл сайын чогулуусун камсыздайт.



Тектеш кабарлар