Фейсбук жикчилдикти камтыган мазмундарга бөгөт коет

Фейсбук, ак улутчулдукту жана жикчилдикти чагылдырган мазмундарга бөгөт кое турганын жарыялады.

1172723
Фейсбук жикчилдикти камтыган мазмундарга бөгөт коет

Социалдык медиа платформасы Фейсбук, ак улутчулдукту жана жикчилдикти чагылдырган мазмундарга бөгөт кое турганын жарыялады.

Фейсбуктун жазуу түрүндөгү жарыясында платформа аркылуу бөлүшүлгөн ак улутчулдукту, жогору тураары жана бөлүүчүлүгүнө шилтеме кылган СМС, фотосүрөт жана башка мазмундуу материалдарга бөгөт кое турганын жарыялады.

Аты аталган чечимдин Инстаграмда да ишке ашырыла турганы жана алдыдагы аптада баштала турганы билдирилди.

Жаңы Зеландиянын Крайсчерч шаарындагы Ал Нур жана Линвуд мечиттерине 15-март жума күнү болгон террордук кол салууда 51 киши каза таап, 50 киши жаракат алган.

Террористтин кол салуу убагында камерасы менен тарткан 17 мүнөттүк көрүнүштү социалдык медиада ачык түрдө бөлүшүлгөн жана андан соң жоюлган.

Фейсбук, ак жикчилдердин көз караштарын бөлүшүүсүнө үн катпай калышынын себебинен мындан мурда көп жолу сынга алынган.


Этикеткалар: #Фейсбук

Тектеш кабарлар