Анкарада Кырызстандын маданияты таанытылды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги борбор шаар Анкарада «Кыргызстан маданияты жана таанытуу күнү» иш-чарасын өткөрдү.

1094622
Анкарада Кырызстандын маданияты таанытылды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги борбор шаар Анкарада «Кыргызстан маданияты жана таанытуу күнү» иш-чарасын өткөрдү.

 Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын Хамамөнү кеңсесиндеги иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Анкарадагы Элчилигинин кеңешчиси Айбек Акаев, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын эл аралык студенттер кеңсесинин башчысы Ахмет Атабаш жана Кыргызстандан келген студенттердин атынан Асылбек Абдуганиев сөз сүйлөдү.

 Кеңешчи Акаев, Түркия жана Кыргызстандын ортосунда мамлекет башчыларынын эки тараптуу сапарлары артканына көңүл бөлдү.

Маданий мурастын корголушу жаатында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка токтолгон Акаев: «Боордош Түркия калкы менен карым-катнаштарыбыз дагы жогорку деңгээлге жетээрине ишенем»,-деди.

Кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдыгынын себебинен Түркияда иш-чараларды уюштургандарын белгилеген Акаев, 3-декабрда Антарес соода борборунда сүрөт көргөзмөсү боло турганын жарыялады.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын эл аралык студенттер кеңсесинин башчысы Ахмет Атабаш, иш-чарага кожоюндук кылганы үчүн кубанычта экендиктерин айтып, студенттерге кайрылуу менен «Бул жер сиздин жериңиз, сиздерге ар дайым керектүү колдоону көрсөтөбүз»,-деп айтты.

Маданий таасирлешүүнүн камсыздалышынын маанисине токтолгон Атабаш, дүйнөдө болуп жаткан цивилизациялар кризисинин ашылып өтүлүшү үчүн «таныш болуу» керектигин айтты.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын эл аралык студенттер академиясы программасынын быйыл баштала турганын эске салган Атабаш, бул жол менен Түркияда билим алган эл аралык студенттердин түркчө үйрөнүүлөрүнө жана академиялык ийгиликтерине салым кошууну үмүт кылгандарын белгилеп кетти.

Түркия стипендиялары программасынын алкагында билим алып жаткан кыргызстандык студент Абдуганиев, Кыргыз маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгүн бергени үчүн Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгына ырахматын айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын ар дайым жакшы боло турганын белгилеген Абдуганиев: «Карым-катнаштардын дагы өнүгүүсүндө Түркияда билим алган Кыргыз студенттерге чоң милдеттер жүктөлөт»,-деди.

Кыргызстан тууралуу маалыматтарга да орун берилген иш-чарада «Манас» жана «Курманбек» эпосторунан үзүндүлөр айтылып, салттык бийлер тартууланды.

Иш-чарада кыргыз ашканасынан даам сыздырылып, сүрөт көргөзмөсү коноктордун назарына сунушталды.


Этикеткалар: #Кыргызстан

Тектеш кабарлар