«Япония фестивалы күз  2018»

«Япония фестивалы күз  2018дин» жабылуу коктейлинин негизинде «Япон ашканасы күндөрү» таанытылды.

1087757
«Япония фестивалы күз  2018»

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркияга келген япон турист санында бул жылы 90 пайызга жакын өсүү болгондугун айтты.

Борбор шаар Анкарада бир мейманканада 7 -  октябрдан баштап өткөрүлүп жаткан «Япония фестивалы күз  2018дин» жабылуу коктейлинин негизинде «Япон ашканасы күндөрү» таанытылды.

Япониянын Анкарадагы элчиси Аико Мияжиманын үй ээлигиндеги иш чарага маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой, бир топ дипломат, чет элдик миссия шефи жана көп сандаган конок катышты.

Министр Эрсой бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Япония жана Түркиянын абдан эскилерге таянган маданий жана жакын бир достукка ээ экендигин белгилеп, Японияда маданий жана социалдык иштерди жүргүзүшөрүн айтты.

Эрсой 2019 – жылдын Японияда «Түрк жылы» катары белгиленерин белгилеп, бул маданий жылына да бир мүмкүнчүлүк катары кароону ойлошкондорун баса белгиледи. Эрсой : «Бул жылдын алкагында Топкапы чыгармаларынан турган бир көргөзмө 2019 – жылы Токио жана Киододо ачылат»,- деди.

Япониянын Анкара элчиси Мияжима да Япония фестивалынын негизинде көп сандаган иш чара өткөрүшкөндөрүн жана ушул күнгө чейин иш чараларга 10 миң кишинин катышкандыгын айтты.

Мияжима келерки жылы октябрь айында Японияда жаңы императордун тактыга чыгарын, июнь айында да өлкөсүндө чоң жыйырмалардын  лидерлер саммитинин өткөрүлөрүн да айткан Мияжима : «Ушул себептен президент Р. Т. Эрдогандын эки жолу Японияга барышын күтүп жатабыз»,- деди.

Мияжима Түркия менен Япониянын ортосундагы достуктун түбөлүк экендигин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар