Кыргызстандык студенттер Анкарада футбол ойноду
Мекендештер окуу жылы башталаар алдында ушундай чер жазышты.
1050548
Кыргызстандык студенттер Түркиянын борбор калаасы Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинде чогулуп футбол ойношту. Футбол оюну жай бою ар кайсы футбол талааларында улантылып келди. Ал эми бул ирет чогулган студенттердин саны да көп болуп, үч команда түрүндө мелдешишти. Улам утулган команда оюндан чыгып, уткан команда менен жаңы кирген команда ойноп жатты. Мекендештер окуу жылы башталаар алдында ушундай чер жазышты.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.