Кыргызстанда «Түрк дүйнөсүнүн кино күндөрү» башталды

Шер  -  Нияз ТҮРКПАнын бир тил, бир динди бөлүшкөн элдердин өлкөлөрүндөгү парламенттер арасында достукту, биримдикти жашатуу үчүн курулгандыгын айтты.

1049645
Кыргызстанда «Түрк дүйнөсүнүн кино күндөрү» башталды

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламентарлар ассамблеясы ТҮРКПАнын кезектешкен төрагасы Кыргызстанда эки тараптуу өткөрүлгөн «Түрк дүйнөсүнүн кино күндөрүнүн» галасы өткөрүлдү.

ТҮРКПАга мүчө өлкөлөр Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын ортосунда кино жана анимация тармагында тажрыйба бөлүшүүнү максат кылган Түрк дүйнөсүнүн кино күндөрү иш чарасынын галасы борбор шаар Бишкектеги Манас кино – театрында ишке ашырылды.

Иш чарада Түркиянын «Айла» жана «Буудай» аттуу киносунан, Азербайжандын «Кызыл бахча», Казакстандын «Оралман», Кыргызстандын «Түнкү кырсык» кинолорунан үзүндүлөрү көрсөтүлдү, режиссерлор сахнада сезимдери менен ойлорун бөлүштү.

ТҮРКПА социалдык, маданий жана адамзаттык маселелер комиссиясынын төрагасы жана «Ата Мекен» партиясынын депутаты, режиссер Садык Шер  - Нияз түрк тилдүү элдердин белгилүү режиссерлору тарабынан даярдалган кинолордун чоң кызыгуу көрөрүн күтүп жаткандыгын айтты.

Шер  -  Нияз ТҮРКПАнын бир тил, бир динди бөлүшкөн элдердин өлкөлөрүндөгү парламенттер арасында достукту, биримдикти жашатуу үчүн курулгандыгын айтты.

Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директору Эркин Йылмаз да «Кино орток түш көрүү сыяктуу. Ошондуктан кинонун жардамы менен маданияттардын бири бирине жакындашы үчүн колубузда абдан маанилүү мүмкүнчүлүк бар. Түркия катары иш чарага «Айла» жана «Буудай» аттуу кинолор менен катыштык»,- деди.



Тектеш кабарлар