"Анадолу атешинин" Кападокияда көрсөткөн чыгармачылыгына кызыгуу абдан чоң

Мустафа Эрдоган тарабынан даярдалган программада пери моруларына түрдүү мотивдердин көрүнүшү чагылдырылды.

1046731
"Анадолу атешинин" Кападокияда көрсөткөн чыгармачылыгына кызыгуу абдан чоң

“Анадолу атеши» бий тобу Кападокия аймагындагы пери моруларынын арасында өз чыгармачылыгын көрсөттү.

Невшехирдин Гөреме аймагындагы Перили озанлар өрөөнүндөгү иш чарада «Анадолу атеши»  бий тобу салттык музыканын коштоосунда чыгармачылыгын тартуулады.

Мустафа Эрдоган тарабынан даярдалган программада пери моруларына түрдүү мотивдердин көрүнүшү чагылдырылды. Иш чарага туристтер да чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Мустафа Эрдоган октябрь айынын акырына чейин Кападокияда жуманын акырларында бул чыгармачылыктын көрсөтүлүшү улантыларын белгилеп : «Дүйнөнүн ар башка жерлеринде чыгармачылыгыбызды көрсөтүүдөбүз. Өлкөбүздө да Кападокия сыяктуу бир казына бар. Бул жер маданият туризминин борбор шаары болуп саналат. Кападокияда октябрь айынын акырына чейин жуманын акыркы күндөрү да улантылат, жазда кайрадан баштоону ойлоп жатабыз. Кытайда жыл сайын бир канча айга созулган гастролдор болууда. Кападокияга дагы көп кытайлык туристтер келип жана «Анадолу атешин» абдан жакшы көргөн Кападокияда көрүү мүмкүнчүлүгүн таба алышат»,- деди.



Тектеш кабарлар