Дуа Липа Антальяда концерт берди

Липанын концертин 3 миң чакты жергиликтүү жана чет элдик турист көрдү.

1032939
Дуа Липа Антальяда концерт берди

Албан тектүү англиялык ырчы, ырлардын автору жана модель Дуа Липа, Антальяда күйөрмандарына концерт берди.

Дуа Липа Серик районунун Белек туризм борборундагы бир отелде концерт коюу үчүн Антальяга келди.

Концерттен бир күн мурда Антальяга келген Липа отелге бараар алдында тик учар менен Антальяны асмандан кыдырды.

Түркияда биринчи жолу концерт берген Липа концертин «Мерхаба Анталья» деп баштады.

Липанын концертин 3 миң чакты жергиликтүү жана чет элдик турист көрдү.

Дуа Липа сахнада бир саат бою жактырылган ырларын аткарып берди.



Тектеш кабарлар