Айдында 2 миң жылдык 6 айкел табылды

Байыркы Магнесия шаарында уланган археологиялык казууларда маанилүү табылгалар чыгарылды.

1022363
Айдында 2 миң жылдык 6 айкел табылды

Айдындын Герменжик районунда 34 жылдан бери уланып келе жаткан байыркы Магнесия шаарындагы казууларда, орто эсеп менен 2 миң жылдык экени божомолдонгон 6 айкел табылды.

Герменжик районунун Ортаклар кыштагында роф.др. Орхан Бингөлдүн жетекчилигинде байыркы Магнесия шаарында уланган археологиялык казууларда маанилүү табылгалар чыгарылды.

Орхан Бингөл эллинистик-рим доорунун маанилүү чиркөөлөрүнөн Артемидадагы казууларда 4 аял, 1 эркек жана жынысы белгисиз бир айкелдин чыгарылгандыгын айтты.

Айкелдердин бир эле жайда табылганына көңүл бурган Бингөл: «Немистердин 1891-1893-жылдарда ишке ашырган казууда бир эле жайда 5 айкелди тапкандарын билебиз. Биз алардан дагы көп тапкан болдук. Ал эмес 2016-жылы ушул эле жайдын башка бөлүмүндө дагы бир айкел тапкан болчубуз. Бир жайда жалпы жети айкел болот. Бул жайдын өзгөчөлүгү кандай эле азырынча билбейбиз»,-деди.

Айкелдердин өтө жакшы сакталгандарын жана көңүл буруучу экенин айткан Бингөл: «Экөө башы менен чогуу сакталыптыр. Экөөнүн башы өзүнчө болгондуктан азырынча таба элекпиз. Ушундайча быйылкы казуулардын аякташына дагы бир канча мөөнөт калганына карабастан бизди кубандырган табылгаларды тапкан болдук»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар