Түркияда 125 миң чет өлкөлүк студент бар

Чет өлкөдөн келген студенттер Түркияда көбүнчө кайсы бөлүмдөрдү тандашат?

932820
Түркияда 125 миң чет өлкөлүк студент бар

Түркиядагы университеттерде 125 миң чет өлкөлүк студент билим алууда.

Бул сан 7 жыл мурда орто эсеп менен 25 миң чакты эле.

Түркияга келген студенттердин жарымы фонддордун окуу жайларында билим алып жатышат.

Чет өлкөдөн келген студенттер, Түркияда көбүнчө коомдук илимдер жана инженердик сыяктуу бөлүмдөрдү тандашат.

Бирок акыркы жылдарда медицина факультети, тиш дарыгерлиги жана дарыканачылык сыяктуу бөлүмдөргө да чоң кызыгуу болуп жатат.

Быйыл 33-жолу уюштурула турган Эл аралык билим берүү жарманкелеринин борбор шаар Анкара менен катар Эскишехир, Стамбул жана Измирде өтө турган иш-чараларында, билим берүүгө байланыштуу бардык суроолорго адистер тарабынан жооп берилет.

Жарманке 19-мартта Анкарада, 21-мартта Измирде, 23-24-25-мартта болсо Стамбулда уланат.



Тектеш кабарлар