Атактуу илимпоз Стивен Хокинг дүйнө салды

Үй-бүлөсүнүн жарыялаганына караганда Хокинг Кембридждеги үйүндө таңга маал көз жумду.

929201
Атактуу илимпоз Стивен Хокинг дүйнө салды

Дүйнөгө таанымал англис физик Стивен Хокинг 76 жашында дүйнөдөн кайтты.

Үй-бүлөсүнүн жарыялаганына караганда Хокинг Кембридждеги үйүндө таңга маал көз жумду.

Атактуу физиктин өлүм кабарынбалдары Люси, Тимоти жана Роберт жарыялады. Балдарынын атынан жасалган алгачкы маалымдоодо, «Атабыз дүйнөдөн кайтканы үчүн абдан капа болуудабыз. Ал улуу илимпоз болчу»,делди.

Хокинг, amyotrofik Lateral Skleroz (ALS) илдетинин себебинен денесинин дээрлик эч бир жерин колдоно алчу эмес, бирок өзү үчүн атайын жасалып чыккан компьютер системасы аркылуу байланышты куруп турчу. Компьютерге бет булчуңдарынан бири менен буйрук берген Хокинг, ушундай түрдө күнүгө орто эсеп менен 2500 сөз менен байланыш куруп, илимий иштерин улантчу.

Хокинг, кванттык физика жана кара тешиктер боюнча жүргүзгөн кеңири эмгеги менен таанымал.

Хокинг өткөн жылы Англиянын мамлекеттик берүү мекемеси ВВСге берген маегинде 75 жашка чыга турганын эч ойлобогонун, илимий тажрыйбасын дагы деле чагылдыра алганы үчүн өзүн ыңгайлуу сезгенин айткан.

21 жашында өзүнө кыймылдаткыч нейрон бузуктугу боюнча диагоноз коюлганын жана 2 же 3 жылдын ичинде каза боло турганы айтылганын белгилеген Хокинг, мындан 54 жыл кийин дагы күчсүз жана дөңгөлөктүү орундукта болсо да дагы деле иштегенин жана илимий макаларды жазганын түшүндүргөн.

Эмгектерин үй-бүлөсү жана жолдошторунан жардам алып абдан кыйын шарттарда жазганына токтолгон Хокинг, кыялдануусунун кыймылдаткыч нейрон бузуктугу оорусун толугу менен айыктыра турган дарылоо же эң жок дегенде дарылоону өнүктүрүү экенин айткан.

Альберт Эйнштейнден кийинки эң чоң гений деп кабыл алынган атактуу физик 03.14 түрүндө жазылуусунун себебинен Дүйнөлүк Pi күнү деп кабыл алынган 14-мартта бул дүйнө менен коштошту.

Хокингдин өмүр баяны 2015-жылы көрсөтүлө баштаган «Бардык нерсенин теориясы» (Theory of Everything) аттуу кинотасмага да тема болгон.



Тектеш кабарлар