Кызыл армиянын «Александров» атындагы хору концерт койду

Репертуарында 2 миңден ашуун чыгармасы бар хорду концертте балет тобу менен оркестр коштоду.

924147
Кызыл армиянын «Александров» атындагы хору концерт койду

Орусиянын «Александров» атындагы Кызыл армиясынын хору жана бийчилер тобу 90-жылдык мааракесинде Стамбулдагы искусство сүйүүчүлөр менен жолукту.

Стамбул мэриясынын кожоюндугунда  «Жемал Решит Рей» концерт залында (CRR) искусство сүйүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулаган топ, «Калинка» жана «Коробейники» сыяктуу жагымдуу ырлары менен катар «Мехтер маршы Жеддин Деден», «Чанаккале түркүсү» жана «Сүйүүң болбосо» аттуу түрк тилиндеги чыгармаларды да аткарды.

Репертуарында 2 миңден ашуун чыгармасы бар хорду концертте балет тобу менен оркестр коштоду.

 Кызыл армиянын хору 2016-жылы 64 мүчөсүнөн ажыраган учак кырсыгынан кийин чет өлкөгө алгачкы концертин өткөн жылы апрель айында Стамбулда койгон.

Кызыл армиянын борбордук үйүндө 1928-жылы курулган хор, алгачкы концертин ошол эле жылы согуш шарттарындагы аскерлер менен СССРдин элдеринин көңүлүн көтөрүү максатында ишке ашкан.



Тектеш кабарлар