Канадада түрк турзми таанытылды

Канаданын эң чоң тур операторлорунан Трафалгардын Торонтодо өткөргөн туризм кечесине Түркия катышты.

920622
Канадада түрк турзми таанытылды

Канаданын эң чоң тур операторлорунан Трафалгардын Торонтодо өткөргөн туризм кечесине Түркия катышты. Маданият жана туризм министрлиги негизги спонсору болгон кече Канада Королдук Музыка Консерваториясында өткөрүлдү.

1000ге жакын конок чакырылган кечеге дүйнөгө белгилүү америкалык саякат жазуучусу Патрисия Шульц да катышты. «Өлгөндөн мурда көрүлүшү керек болгон 1000 шаар» аттуу китеби менен эң көп сатылгандар тизмесине кирген Патрисия Шульц Түркиянын жаштык кыялдарынын өлкөсү болгондугун белгилеп : «Баары Түркияны өлгөндөн мурда сөзсүз көрүшү керек. Түркияга барууну пландаган киши кечеңдетпесин. Эч кимдин өмүрүнүн гарантиясы жок. Мен кыдырган бардык шаарларымды мен үчүн канчалык маанилүү деп тизмеге алдым жана бул тизмеде Түркия биринчи болуп зыярат кылган өлкөлөрдүн бирөөсү. Адамдардын меймандостугу, жеген тамактар, баары мыкты»,- деди.

Шульц Түркиянын туристтер үчүн «сыйкырлуу, меймандос жана кооз» өлкө деп аныктала аларын жана Түркияга ар дайым барууну каалагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар