«ТРТнын Келечектин журналисттери» сынагы үчүн кайрылуулар башталды

«ТРТнын Келечектин журналисттери» сынагы үчүн 1-январда башталган кайрылуулар уланууда.

895673
«ТРТнын Келечектин журналисттери» сынагы үчүн кайрылуулар башталды

Жаштарды сапаттуу жана дагы өзгөчө долбоорлорду өндүрүүгө шыктандыруу максатында уюштурулган «ТРТнын Келечектин журналисттери» сынагы үчүн 1-январда башталган кайрылуулар уланууда.

Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын жазуу түрүндөгү маалымдоосуна караганда, Түркия менен катар Орто Азия, Балкан өлкөлөрү жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) коммуникация факультетинде билимин алган окуучулар сыйлык үчүн 2018-жылдын 1-апрелине чейин кайрыла алышат.

Быйыл төртүнчүсү өткөрүлүп жаткан сынак «Үндүү-видеолуу кабарчылык, Радиоберүү чыгармачылыгы, Телеберүү чыгармачылыгы менен интернет берүүлөрү» болуп 4 негизги тармак жана 10 астыңкы номинациядан турат.

Сынак үчүн биринчилик сыйлыктары 4 миң лира, экиничлик сыйлыктары 3 миң лира, үчүнчүлүк сыйтыктары 2 миң лира деп белгиленди.

ТРТнын эртеңки күндөрдү кура турган жаштардын сапаттуу жана ийгиликтүү билим алуу турмушун улантууларына салым кошуу үчүн баштаган жана «Жаштарга маани берүү келечекке маани берүү болуп саналат» принциби менен уюштурулган сынак, жыл өткөн сайын дагы сапаттуу чыгармалардын өндүрүлүшүнө жол башчылык кылууну максаттайт.

Сынакта, «Үндүү-видеолуу кабарчылык» тармагында; телекөрсөтүү кабарлары, телекөрсөтүү кабар программасы жана телекөрсөтүү спорт кабарлары номинациясында, «Радио берүү чыгармачылыгы» тармагында; билим берүү, маданият, музыка, даректүү тасма жана кабар программасы менен драма программасы номинациясында, «Теле берүү чыгармачылыгы» тармагында; кыска метраждуу тасма, даректүү тасма жана телекөрсөтүү программалары номинацияларында, «Интернет берүүлөрү» тармагында; болсо интернет барагы жана социалдык медиа долбоорлору номинациясында сыйлык берилет.

Кайрылуу жана кеңири маалымат үчүн: www.trtgeleceginiletisimcileri.com адресине кирсеңиздер болот.



Тектеш кабарлар