Кыргызстандык студент Түркияда биринчиликти алды

203 өлкөнүн арасынан Кыргызстан 1-орунду алды.

874760
Кыргызстандык студент Түркияда биринчиликти алды

Эл аралык Ассоциациялар Федерациясынын демилгеси менен Түркия Республикасында эл аралык студенттер арасында ыр жана аңгеме жазуу, кыска метраждуу фильм тартуу боюнча мелдеш өткөрүлдү. Эл аралык студенттердин катышуусу менен өткөн мелдеште Түркия мамлекетинин Кайсери шаарында магистратурада окуп жаткан мекендешибиз Манасбек Максутов өлкөбүздү 203 өлкө арасынан 1-орунга алып чыкты. Манасбек тарткан кыска метраждуу фильмде Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер баса белгиленген. Манасбек менен катар Буркина Фасо, Индонезия, Бангладеш, Афганистан, Сирия, Азербайжан мамлекеттеринен келип билим алып жаткан студенттер да байгелүү орундарга жетишти.

Эл аралык Ассоциациялар Федерациясы тарабынан уюштурулган бул иш-чаранын сыйлык тапшыруу аземине Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын уулу жана Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган, Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ахмет Демиржан жана Түркия Улуу Улуттук Межлисинин бир катар депутаттары катышышты.

Кыска метраждуу тасма тартуу боюнча 1-орунду багынткан мекендешибиз Манасбек Максутовго сыйлыкты Түркия Республикасынын Президентинин уулу жана Бүткүл Дүйнөлүк Этно Спорт Конфедерациясынын  башчысы Нежметтин Билал Эрдоган өз колу менен тапшырды.

Кыргызстаныбызды 203 өлкө арасынан 1-орунга алып чыгып бизди жана мекенибизди сыймыктандарган мекендешибиз Манасбек Максутовго дайыма ийгиликтерди каалайбыз.



Тектеш кабарлар