ТРТнын легендарлуу диктору дүйнө салды

ТРТнын легендарлуу диктору 71 жашындагы Месут Мертжан, органдарынын көбү иштебей калып көз жумду.

796761
ТРТнын легендарлуу диктору дүйнө салды

ТРТнын мурдагы диктору Месут Мертжан Аданадагы карылар үйүндө дүйнөдөн кайтты.

Ардактуу эс алуудагы ТРТнын диктору Месут Мертжан, 1980-жылы 12-сентябрда болгон төңкөрүштө, төңкөрүш билдирүүсүн окуганы менен эсте калды...

2 баланын атасы Мертжан, алгач Стамбулда андан кийин Аданадагы Карылар үйүндө жашоосун улантты.

Легендарлуу диктор Мертжан, жакында эле ТРТ-1 каналынын башкы бюллетенинде мейман болгон.

Эрхан Челик менен бирге Башкы кабар бюллетенин алып барган Мертжан, делебеси козголуп кубанычы койнуна батпай турду эле.

Аданадагы Карылар үйүндө жашаган ТРТнын легендарлуу диктору 71 жашындагы Месут Мертжан, органдарынын көбү иштебей калып көз жумду.



Тектеш кабарлар