Ихлара коктусу турист тартууда
Табигый кооздуктары жана тарыхый жерлери менен бирге ачык асман астындагы музейди чагылдырган Аксарайдагы Ихлара коктусу көптөгөн туристти тартууда.
Дүйнөнүн эң чоң экинчи каньону Ихлара коктусу дин туризминде да кызыгуу жаратууда.
Табигый кооздуктары жана тарыхый жерлери менен бирге ачык асман астындагы музейди чагылдырган Аксарайдагы Ихлара коктусу, 18 км бою жарларга ойулган көп сандаган чиркөө, шапель жана манастырлары менен жыл сайын миңдеген зыяратчыны тартууда.
Мелендиз дарыясы сугарган коктунун түбүнө 382 баскычтан турган тепкич менен түшкөн табият жана тарыхка кызыгуучулар, дарыянын эки бетиндеги 3,5 жана 7 км жөө жүрүш тилкесинде кыдыруу мүмкүнчүлүгүн табышат.
Христиандык жашыруун жашалган доорлордо аймакта жашагандар, коктуда абдан башкача жерлерди түзгөн. Ихлара коктусунда жүздөгөн ойулган жарчалар бар.
Рим доору жана андан кийинки мезилдерде жашаган христиандар, ибадаттарын орундатыш үчүн бул жерде маанилүү архитектуралык түзүлүштөрдү салышкан. Өзгөчө окуп жазуу аз болгон мезгилдерде Инжилден сахналар чиркөөлөрдө сүрөттөлүп түшүндүрүлгөн.
Учурда бул түзүлүштөр туристтерди кызыктырууда. Ихлара коктусундагы 14 чиркөөнү кыдырып көрүүгө болот, калгандарынын каалгасында маалыматтандыруулар орун алган.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.