Актёр Жүнейт Аркын Канададагы фестивалдан сыйлык алды
Актёр Жүнейт Аркын Канаданын Монреаль шаарында өткөн XXI “Фантазия” кино фестивалында “Өмүр бою ийгилик” сыйлыгына ээ болду.
Түркиянын Торонтодогу маданият жана таанытуу атташеси Дерья Шербетчи Ажар, 12-июлда башталып учурда да уланып жаткан “Фантазия” кино фестивалында Түркия быйыл “Негизги өлкө” катары орун алганын маалымдады.
Ажар, фестиваль боюнча көрсөтүлгөн түрк тасмаларында америкалык режиссер, продюсер жана сценарист Ларри Кохен менен бирге “Өмүр бою ийгилик” сыйлыгына түрк киноматографиясында 50 жылын толтурган Жүнейт Аркындын татыктуу болгонун билдирди.
Ден-соолугуна байланыштуу фестивалга катыша албай калган Аркындын сыйлыгын Оттавадагы элчи кеңешчиси Хакан Женгиз алды.
Түркиялык режиссер Жан Эвреноглу тарткан коркунучтуу тасма “Баскын” да катышкан фестиваль 2-августка чейин уланмакчы. Аталган фестивалда Жейда Торундун “Мышык” аттуу даректүү тасмасы менен “Дүйнөнү куткарган адам” тасмасы, Вахши Кандын “Өлүм согушкери” жана “Көчмөн” аттуу түрк тасмалары көрармандарга тартууланмакчы.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.