Босния Герцеговинада "Түрк кинолору фестивалы"

Фестиваль Йылмаз Эрдоган менен Өмер Фарук Сорак режиссеру болгон «Визонтеле» киносу менен башталды.

772716
Босния Герцеговинада "Түрк кинолору фестивалы"

Босния – Герцеговинанын Мостар шаарындагы түрк кинолору фестивалы Йылмаз Эрдоган менен Өмер Фарук Сорак режиссеру болгон «Визонтеле» киносу менен башталды.

«Мостарда жай» аттуу иш чаранын негизинде Мостар Юнус Эмре Интститу тарабынан Улуттук театрда өткөрүлгөн кино көрсөтүүгө босния герцоговиналыктар чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Ачылуу сөзүн сүйлөгөн Улуттук театрдын дирекору Алмир Муяканович фестивалдын Мостардын байлыгына байлык кошорун белгилеп : «Юнус Эмре Институту маданий жактан да түрдүү проектилерди аткарууда. Келечекте биздин кандай иш алып баруубуз тууралуу да үлгү болууда»,- деди.

«Визонтеле» менен бирге Чаган Ырмак режиссеру болгон «Бабам ве оглум», Йылмаз Эрдогандын «Нешели хаят», Өзхан Эрендин «120», Осман Сынавдын «Узун хикайе», Явуз Тугрулдун «Эшкия» жана Атыф Йылмаздын «Селви бойлу ал язмалым» аттуу киносу да 21 -  июлга чейин фестивалда кино сүйүүчүлөрүнө көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар