Айдын чаңы сатыкка коюлат

Айдын чаңы 4 миллион долларга бааланды

738467
Айдын чаңы сатыкка коюлат

Айга биринчи кадам таштаган астронавт Нил Армстронг тарабынан чогултулган Айдын чаңы сатыкка коюлат.

Аукцион үйү «Сотбис» тарабынан интернет аркылуу жарыяланган билдирүүдө, Нил Армстронгдун Айга кадам таштагандыгынын 48 жылдыгы болгон 20-июлда Айдын топурагынын аукциондо сатууга коюла турганы белгиленди.

«Аполлон-11» аттуу космостук кеме менен Айга конгон Армстронг Жерге алып келген Айдын үлгүсү салынган баштыктын эң эле баалуу экени жана 4 миллион долларга сатылышы мүмкүн экени белгиленди.

Аукциондо Айдын чаңы менен бирге астронавт Базз Олдриндин Айда түшкөн фотосүрөтү да сатыкка чыгарылат.

Американын космостук агенттиги (НАСА) аукциондон түшкөн каражаттарды кайрымдуулукка жумшайт.



Тектеш кабарлар