Түркия АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн дагы коопсуз

Наби Авжы, Антальянын Белек туризм борборунда чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берди.

737441
Түркия АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн дагы коопсуз

Маданият жана туризм министри Наби Авжы, Түркиянын АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн дагы коопсуз экендигин айтты.

Наби Авжы, Антальянын Белек туризм борборунда бир мейманканада өткөн Эл аралык Медиа форуму-2017нин ачылыш сөзүнөн кийин форумдун биринчи отурумунда чет элдик журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Түркияда дагы көп АКШлык туристти тосууну каалагандарын белгилеген Авжы, мунун круиздик туризм менен мүмкүн боло турганын маалымдады.

АКШлык туристтердин көбүнчө круиздик саякаттарга кызыкканын белгилеген Авжы: «Ушунчалык көпкө созулган жол тартуудан кийин жалгыз бир жерге барып тим болушпайт. АКШдан келе турган туристтерге пакет турларды даярдашыбыз керек. Грецияны, Египетти, Испанияны жана Италияны да камтый алсак олуттуу өнүгүү болот. Израиль да ушундай пакет тур боюнча биз менен кызматташууну каалайт. Башка өлкөлөр да жылуу карап жатышат»,-деди

«Түрк сераилдары бизди да таң калтыра тургандай түрдө түрк туризмине маанилүү салымдарды кошууда»,деген Авжы, Мармарис жана Бодрумда 135 сериал секторунун өкүлдөрүн тосо тургандарын белгиледи.

Авжы, Индия сериалдарынын Түркияда абдан көп көрүлгөнүн, ошондой эле түрдө түрк сериалдарынын да Индияда көрүлгөнүн, Индия жана Орусия менен биргелеше сериал тартуу күн тартипте турганын маалымдады.

Террордун глобалдык коркунуч болгонун айткан Авжы, айрым медиа мекемелеринин билип туруп эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү бутага алганын жана айрым окуяларды апыртып жибергендерине көңүл бурду.

Наби Авжы: «Түркияда болгондорду бурмалап берген берүү органдары бар. Иши чындап эле жалгыз гана кабар болгондордун бул темадагы салымдарына муктаждык бар. Өткөн жылы немистердин чоң көпчүлүгү саякатка чыкпоону тандашты. Глобалдык террор түшүнүгү улантылса бардык өлкөлөр таасир алат. Түркия эл аралык кылмыш индексине караганда АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн кыйла эле коопсуз. Түркия дүйнөнүн эң коопсуз өлкөлөрүнөн бири»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар