23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы
1920-жылы 23-апрелде Түркия Улу Улуттук Жыйынынын ачылган күнү, кийинчерээк Улуттук эгемендик жана балдар майрамы катары майрамдала баштады.
Бүгүн Түркия мамлекети үчүн маанилүү майрамды белгилеп жатабыз. 1920-жылы 23-апрелде Түркия Улу Улуттук Жыйынынын ачылган күнү, кийинчерээк Улуттук эгемендик жана балдар майрамы катары майрамдала баштады. Бул күн падышачылык бийлик жоюлуп Улуттук Эгемендиктин улут тарабынан колдонулушу жана Боштондук согушунда атасы шейит болгон балдардын кубанышы үчүн ойлонулган Балдардын майрамынын биригүүсү менен пайда болду. Түркиянын төрт тарабында мектеп чагындагы балдар тарабынан кубанычтуу майрам катары майрамдалып келет. Балдарыбыз мугалимдери даярдаган иш-чараларда үй-бүлөлөрү менен жолугууда жана майрамды кубанычтуу белгилеп жатышат.
Ошону менен бирге 23-апрель эл аралык фестивалга айландырылып дүйнөнүн ар тарабынан балдар Түркияга келип өз өнөрлөрүн тартуулашып, ар улуттун балдары менен достошуп, тынчтыкка өз салымдарын кошууда.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.
Эмине Эрдоган Африка күнү менен куттуктады
Биринчи айым Эмине Эрдоган сациалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.