«Армян документтери менен 1915-жыл» даректүү тасмасы

«Армян документтери менен 1915-жыл» даректүү тасмасы Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында көрсөтүлдү.

704481
«Армян документтери менен 1915-жыл» даректүү тасмасы

«Армян документтери менен 1915-жыл» даректүү тасмасы армян диаспорасынын жалгандарына обьективдүү документтер менен эң сонун жоопту берүүдө.

Армян дооматтарын армян архивдеринен баштап бир топ чет элдик булакка таянтып төгүнгө чыгарган «Армян документтери менен 1915-жыл» даректүү тасмасы Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында көрсөтүлдү.

Андан соң залдагыларга конференция берген жана суроолорго жооп берген даректүү тасманын режиссеру Серкан Коч, бир топ өлкөнүн архивинен пайдаланышкан даректүү тасманы, армян дооматтарынын 100 жылдыгынын себебинен даярдагандарын айтты.

1915-жылдагы окуялар тууралуу көп сандаган өлкөнүн маалымат, документ жана жазууларга ээ болгонун эске салган Серкан Коч: «Бул тема тууралуу Түркия, Осмон, Америка, Орусия, Англия жана Франциянын архивдери толугу менен коомдук пикирге ачык болгонуна карабастан, дооматтарын токтотпой жаткан Армениянын архивдери тилекке каршы изилдөөчүлөргө ачылган жок»,-деп айтты.

Армениянын изилдөөчүлөргө ачпаган документ, жазуу жана каттоолорунун бир бөлүгүнө Орусиянын архивдеринен жетүү мүмкүнчүлүгүн тапкандарын баса белгилеген Коч: «Эгерде маселенин чечлиши тарыхчыларга калтырылса, бул тема абдан оңой түрдө такталат. Бирок тилекке каршы Түркияны моюн сундуруш үчүн саясий материал катары колдонуп жатышат»,-деп айтты.

Чикагодон мурда Огайо штатынын Дейтон шаарында жана Мичиган штатынын борбору Лансинг шаарында көрсөтүлгөн даректүү тасманын туру апрель айы бою АКШ жана Канаданын бир топ шаарларында көрсөтүлүп уланат.

 



Тектеш кабарлар