Боб Дилан сыйлыгын жуманын акырында алат
Швеция королдугунун илимдер академиясы Боб Диландын сыйлыгын жуманын акырында аларын билдирди
Швеция королдугунун илимдер академиясы өткөн жылы Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлгөн, бирок аземге катышпаган америкалык музыкант Боб Диландын сыйлыгын жуманын акырында аларын билдирди.
Швеция королдук илимдер академиясынын туруктуу секретары Сара Даниус берген жазуу түрүндөгү маалыматта эки концерт коюу үчүн жуманын акырында Швецияга келери пландалган америкалык музыкант Боб Диландын академиянын жетекчилери менен сүйлөшүүсүнөн кийин өзү үчүн өткөрүлө турган аземге катышуу чечимин чыгаргандыгын, аземдин кыска жана жөнөкөй болорун, басма сөзгө жабык өткөрүлөрүн айтты.
Дилан Америка музыкасында поэзиялык чыйыр жараткандыктан Нобель адабият сыйлыгына ылайык көрүлгөн, бирок 10 – декабрда Стокгольмда өткөрүлгөн аземге катышкан эмес.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.