TravelExpo Анкара-2017

Жарманке төрт күнгө созулат

697665
TravelExpo Анкара-2017

TravelExpo Анкара-2017 Анкаранын соода палатасы (АТО) Congresiumда ачылды.

Быйыл экинчиси уюштурулган жана туризм секторунда кызмат көрсөткөн жергиликтүү, чет өлкөлүк компанияларды жолугуштурган жарманкенин быйылкы ардактуу конок өлкөсү Түндүк Кипр Түрк Республикасы, ардактуу конок област болсо Диярбакыр болду.

Түркиядан 42 област менен катар 7 өлкөдөн да катышкандар болгон жарманке 4 күнгө созулат.

Бул иш-чара компанияларга күчтүү жумуш байланыштарын куруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.



Тектеш кабарлар