Анкарадагы кыргыздар Ноорузга карата иш-чара өткөрүштү

Иш-чара Анкаранын Чубук районундагы сейил бактын биринде болуп, ага Чубукка отурукташкан вандык кыргыздар да катышты.

694596
Анкарадагы кыргыздар Ноорузга карата иш-чара өткөрүштү
NEVRUZ_STUDENT_KYRGYZ12.jpg
NEVRUZ_STUDENT_KYRGYZ3.jpg
NEVRUZ_STUDENT_KYRGYZ9.jpg
NEVRUZ_STUDENT_KYRGYZ7.jpg

19-мартта Анкарадагы кыргыз студенттик кеңешинин уюштуруусу менен Ноорузга карата иш-чара өттү.

Иш-чара Анкаранын Чубук районундагы сейил бактын биринде болуп, ага Чубукка отурукташкан вандык кыргыздар да катышты.

Чубук муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер боюнча жооптуу кызматкери Бүнямин Токер, Чубуктук кыргыздардын боз үйүн сейил бакка тиктирип, Ноорузга жарашкыдай мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Кыргыз студенттер даярдашкан «сүмөлөк» таттуусу бата кылынып, жакшы тилектер айтылып ачылды жана келгендерге таркатылды.

Бой үйдүн ичине дасторкон жайылып конокторго даам таттырылып жатты.

Иш-чарада студенттер жана жергиликтүү кыргыздар ар түрдүү салттык оюндарды ойношуп көңүл ачышты.

Андан соң казанда кыргыздын палоосу бышырылып элге таркатылды.



Тектеш кабарлар