Анкарада АРТАНКАРА жарманкеси

Эл аралык заманбап көркөм өнөр жарманкесине 20 өлкөдөн жүздөгөн чебер катышат

691914
Анкарада АРТАНКАРА жарманкеси

Борбор шаар Анкарада АРТАНКАРА жарманкеси өтөт.

Сүрөттөн айкелге, фотосүрөттөн эстамп жана керамикага чейин заманбап искусствонун эң жаңы жана негизги үлгүлөрү көрсөтүлө турган быйылкы АРТАНКАРА эл аралык заманбап көркөм өнөр жарманкесине 20 өлкөдөн жүздөгөн чебер катышат.

Жарманке 16-19-март күндөрүнүн аралыгында саат 10.00-20.00 убактарында Анкара Соода Палатасы Congresiumда өткөрүлөт.

Германия, Австрия, Болгария, Чехия, Түштүк Корея, Филиппин, Франция, Швейцария, Италия, Англия, Иран, Греция, Грузия, Украина, Кыргызстан, Казакстан, Лихтенштейн, Венгрия, Македония жана Орусиядан 600 чебер менен 48 галерея, музей, университет, көркөм өнөр демилгечилери да арасында орун алган жалпы 108 мекеме АРТАНКАРАда болот.

Биринчиси өткөрүлгөн 2015-жылы 17 миң, 2016-жылы болсо 32 миң көркөм өнөр сүйүүчүсү катышкан жарманкеде быйыл катышуучулардын санынын артаары күтүлүп жатат.



Тектеш кабарлар