Түркиядагы кыргыздар шейиттерин эскеришти

Анкаранын Гөлбашы районундагы «Юнус Эмре» маданий борборунда «Шейиттерди эскерүү жана ардагерлерди урматтоо» иш-чарасы өттү.

691424
Түркиядагы кыргыздар шейиттерин эскеришти
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER50.jpg
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER48.jpg
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER35.jpg
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER30.jpg
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER22.jpg
KIRGIZ ŞEHIT VE GAZILER15.jpg

12-мартта Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коому тарабынан Анкаранын Гөлбашы районундагы «Юнус Эмре» маданий борборунда «Шейиттерди эскерүү жана ардагерлерди урматтоо» иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Гөлбашы муниципалитетинин маданият жана социалдык иштери боюнча директору Ферит Фежри Феслиоглу, Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы Курманбек Кутлу, Райондук жандармериянын командири, капитан Мурат Куйужу, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин кеңешчиси Медер Абакиров, КРнын Кайсери шаары боюнча ардактуу консулу,ишкер Мустафа Курт, КРнын Түрксойдогу өкүлү, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, Анкаранын атчандар клубу  федерациясынын төрагасы, искусство чебери Ирфан Гүрдал, Улупамир кыргыздарынын биринчи мугалими Низаметтин Дост, ардагерлер, кыргыз шейиттеринин үй-бүлөлөрү, Түркиядагы кыргыздар жана чакырылгандар катышты.

Программа кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун Анкара өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мошал Гүвендин алып баруусунда башталып, ал сөзүн «Биз кыргыз түрктөрү катары 35 жыл мурда Ата-журттан, эне-журтубуз болгон Түркияга келип жайгаштык. Ушул 35 жылдын ичинде мекенибиз, байрагыбыз, өлкөбүздүн тынчтык жана коопсуздугу үчүн кошкон салымдарыбыз жана бул максат менен каза болгон шейиттерибиз тууралуу айтып беребиз»,-деп баштады.

Алар мекен үчүн шейит болушту....

Биринчи шейит Тахвалды Эзги-1987-жылы 25-майда жөө аскер катары кызмат өтөгөн бөлүктө аскердик унаа кагып кетип шейит болду.

Экинчи Мавуллах Инан-1989-жылы 11-июнда кызмат өтөгөн бөлүктө бензин станциясында күзөт кылып жатканда кырсык болуп шейит кетти.

Үчүнчү шейит Селахаттин Терзи-аскердик кызматын десант катары бүтүрүп, Улупамир айылында айыл күзөтчүсү кызматын баштаган. 1989-жылы 26-январда террорго каршы жүргүзүлгөн операцияда шейит болду.

Төртүнчү шейит Абдуселам Яр-Улупамир айылында айыл күзөтчүсү катары кызмат кылып жүргөндө бир операцияда жикчил террор уюму менен кагылыша кетип бир аскер жолдошу менен бирге 2006-жылы 15-сенябрда шейит болду.

Бешинчи шейит Туратбек Гүрожак-25 жыл коопсуздук күзөтчүсү катары кызмат өтөдү. Вандын Эржиш районуна карашту бир коопсуздук пунктунда 2016-жылы 9-сентябрда улупамирдик бир бөлүк кыргыз туугандары менен бирге коопсуздук пунктунун нөөмөтүн өткөрүп алуу үчүн келгенде Туратбек Гүрожак бир аскер жолдошу менен бирге күзөттө турган эле. Ошондо жарылуучу зат жүктөлгөн унаа менен мыкаачы террористтер кол салды. Унаанын кирүүсүнө уруксат бербей жанын аябай салгылашып шейит болду.

Иш-чара шейиттердин арбагына багышталып курандан үзүндү окулушу менен башталып, сөз сүйлөөлөр менен уланды.

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана жардамдашуу коомунун төрагасы Курманбек Кутлу буларга токтолду:

«Биз бүгүн бул жерде мекенибиз жана улутубуз үчүн жанын берген шейиттерди эскериш үчүн чогулдук. Шейиттик Аллах жолунда эң чоң макам болуп эсептелет. Ардагерлик болсо бул максат менен бул наамды өмүр бою көтөрүп жүрүү сыймыгы болуп саналат. Бул Анадолу жергесин бизге журт кылыш үчүн күрөшкөн бардык шейиттерди ушул себеп менен эскеребиз.

Кыргыздар кылымдар бою Азия боз талааларында ат чаап жүргөн чоң мамлекеттерди курган түрк улуту болуп саналат. Кыргыздар орустарга каршы чоң күрөштөрдү жүргүзгөн ушул максат менен орустарга моюн сунбаш үчүн бир ууч кыргыз түркү Памир тоолорунан Анадолу жергесине келип, тили, дини,өзү бир болгон бул жерлерге жайгашкан. Жайгашкан жерлеринде алгачкы күнүнөн баштап эле ПКК террор уюмуна каршы кырчылдаган күрөш жүргүздү. Айылдары курчалды, жолдору торолду, ар түрдүү кысым жана коркутуулар менен аймактан кетүүгө мажбурланды. Бирок Улупамир күзөтчүлөрү баатырдыктары, күрөшүүлөрү менен аймакта атагы чыкты. Биз бүгүн Түркияда жашаган кыргыздар катары, Улупамир кыргыздары катары бул мекен жана улут үчүн шейит жана гази болуунун сыймыгын жашап жатабыз. Шейиттерибиздин жаткан жерлери жайлуу болсун, ардагерлерге ден-соолук тилейм жана шейит үй-бүлөлөрүнө урматымды билдирем.

Гөлбашы муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер боюнча директору Ферид Фежри Фесриоглу буларды айтты:

Муниципалитет башчыбыз урматтуу Фатих Дуруай мурдатан белгиленген программасынын себебинен бул иш-чарага катыша алган жок. Мен анын саламын айтуу менен  Гөлбашыбызга кош келипсиздер деймин. Мындай иш-чарада сезимдер козголбой койбойт. Курман болгон бардык шейиттерибиздин жаткан жери жайлуу болсун, бардык ардагерлерибиздин тез сакайып кетишин тилеймин жана жакшы өмүр сүрүшүн каалаймын.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигинин кеңешчиси Медер Абакиров буларга токтолу:

Эң оболу Кыргызстандын элчилигинин атынан шейит болгон жоокерлерибиздин жаткан жери жайлуу болушун, топурагы торкоо болушун тилейбиз, бул кайгыны бүтүндөй кыргыз калкы бөлүшкөнүн айткым келет, жакындарына кайрат айтабыз.

Өзүңүздөр билгендей 2016-жылдын 9-июлунда Ван облусунун Эржиш районунун жандармериялык коопсуздук пунктуна террордук кол салуу болду.Анда 54 жаштагы 5 баланын атасы Туратбек Гүрожак шейит болду. 16 жаралуунун алтоосу Улупамир айылынын кыргыздары болгон. Бул окуя Кыргызстанда да чоң жаңырык таап, кыргыз калкы кайгыга батты. Президент Атамбаев Туратбек Гүрожактын үй-бүлөсүнө жана жарадар болгон аскерлерге материалдык жардам берди. Андан соң элчи Ибрагим Жунусов да Вандагы Улупамир айылына барып алрадын ал абалын сурап, кыргыз калкы аларды эч качан унутпай турганын айткан.

Террордун тили, дини, улуту болбой турганын баса белгилөө менен, шейит жана ардагерлерге арнап ушул иш-чараны уюштургандарга ыраазычылык билдирем.

КРнын Түрксойдогу өкүлү, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин:

Мекендин кызыкчлыгы үчүн, мекендин тынчтыгы үчүн өздөрүн курмандыкка чалган, өздөрүнүн ден-соолугун аябаган акыбалга жетип олтурат. Бул бизге улуу Манастан бери келе жаткан улуу салт. Мына ошондуктан жигиттер биз сиздер менен сыймыктанабыз. Бул жакта ошол шейит кеткен жигиттердин үй-бүлөлөрүнө кудайым дайыма жакшылыктарды берсин, амандык болушсун. Манастан башталган баатырдык салт кылымдардан кылымга улана берсин. Ал эми Түркияда жана Кыргызстанда аманчылык эсенчилик болсун, бир туугандык, ынтымакташтык болсун.

Райондук жандармериянын командири, капитан Мурат Куйужу:

Бул жерден эң оболу Памир тоолоруна жана Улупамирге салам жолдоймун. Мекендин бөлүнгүс бүтүндүгү үчүн урматтуу туугандарымдын көрсөткөн эрдиктерин жакшы билесиздер. 2007-2009-жылдарда Шырнактагы Чакырсой десанттык бригадасында чогуу кызмат өтөгөн тууганым ардагер адис сержант Али Тимур бул жерде олтурат. Ал өзү 10 жылдан бери ушул күрөшүн улантып келген жана январь айында үч ок тийип жарадар болду.Аны аман-эсен көргөнүм үчүн абдан кубандым. Шейиттердин мекени жаннат болсун, үй-бүлөлөрүнө кайрат айтамын. Ардагерлердин тез сакайып кетишин тилеймин.

Ардагерлердин атынан Нуруллах Гүрожак:

Түркия Руспубликасынын ай жылдыздуу байрагынын астында жашоо өзүн жакшы билген ар бир адам үчүн сыймыктандыруучу болуп саналат. Өтмүштө канчалаган шейит берилип алынган бул мекенди коргоо жана урпактарга калтыруу биздин милдетибиз. Сөздөрүмдү улуттук акын Мехмет Акиф Эрсойдун ыр саптары менен улай кетейин:

Ээси жок мекен кулоого аргасыз,

Эгерде сен коргой алсаң,

 Бул мекен эч качан кулабайт.

Ардагер, адис сердант Али Тимур:

1982-жылы жайгашкан Улупамир айылында өлсөк шейит, калсак ардагер болобуз деген ураан менен чыккан бул жолдо ушул убакка дейре 5 тууганыбыз шейит даражасына жетсе, мени менен бирге 9 тууганым ардагер болду.Бул программанын уюштуруучуларына жана райондук жандармерия командирлигинин командири Мурат Куйужу мырзага ырахматымды айтамын.

КРнын Кайсери шаары боюнча ардактуу консулу,ишкер Мустафа Курт:

Өтмүштөн бүгүнкү күнгө дейре бизге бул мекенди журт кылган шейиттерибизди дагы бир жолу эскере кетким келет. Кечээ бизди өкүлдүк кылган министрлерибизге Германия жана Нидерландия өкмөттүрү, Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөр жаман орой мамиле кылышты. Ошону карап туруп кечээкиден бүгүнкү күн дагы баалуу, кечээ биримдигибиз бар эле. Кечээки жаман мамиледен кийин дагы бекем биримдик курушубуз керек экенин байкадык деп ойлойм. Кандай АКШда бир канча өлкөнүн биримдиги бар, Европа Биримдиги бар, Араб Биримдиги бар болсо, Түрк биримдиги да болушу шарт.

Мен бул жерден Түркия Республикасынын жетекчилерине жана Түрк республикаларынын жетекчилерине кайрылгым келет. Эмне үчүн биздин Түрк Дүйнөсүнүн биримдиги жок? Экономикалык, социалдык жана башка биримдигибиз жок. Албетте бир канча кызматташтык кылган мекемелерибиз бар. Бирок бул жетиштүү эмес. 5 миң чакырым алыстан, Теңир тоолордон бул жерге чейин келдиңиз, шейит бердиңиз. Түрк дүйнөсүнүн 303 миллион адамы бар. Бул биримдиктин жалгыз эле көңүлдө эмес, иште жана бардык тармакта биригүүсү үчүн ушул жерде чогулган коомчулуктун ой-пикирлерин туу чокуга жеткириши керек.

Улупамир кыргыздарынын биринчи мугалими Низаметтин Дост:

Көптөн бери айрым кыргыздар менен жолугуша элек болчубуз. Ушул себеп менен бул иш-чараны уюштурган коомубузга, бардык уюм жана мекемелерге ыраазычылык билдирем.

Мен мугалим болгон үчүн бул шейиттердин бардыгын тааныймын, ошондуктан сезим козголбой койбойт. Ардагерлердин да бардыгын тааныймын. Шейиттердин жаткан жери жайлуу болсун, ардагерлерибизге ден-соолук калайм. Ар бир кыргыз бирден баатыр болуп саналат. Ушул жерден Рахманкул ханды да эскере кетким келет. Анткени ал сезимдер ата-бабадан баштап Түркиядагы муунга да чагылышты. Мындан 35 жыл мурда мен өз көзүм менен баатырдыктарын, мамлекетине берилгендиктерин көрдүм. Учурда да бул салттарын улантышууда. Ар бир кыргыз бирден баатыр болуп саналат. Шейиттерибиз өлбөйт, ардагерлерибиз баатыр болуп саналышат.

Анкаранын атчандар клубу  федерациясынын төрагасы, искусство чебери Ирфан Гүрдал:

Чынын айтсам бул көрүнүп турган абалга айтыла турган көп сөз жок. Бул өлкөдө туулуп өскөн, муундардан бери жашаган бир топ өзүн бул улуттун мүчөсү деп эсептебейт. Ал эми миңдеген чакырым алыстан келип, туугандыгын далилдеген бул баатырлар мекен үчүн жанын аябай күрөшүүдө. Сыймыгыңызды урматтоодон башка колубуздан эч нерсе келбейт. Баардыгыңыздарга таазим этем.

Андан соң шейиттердин үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге плакет жана белектер тапшырылды.

Алар кыргыздын баатыр уулдары...

Ардагер Осман Кочак

Ардагер Мухаммет Дурду Жингөз

 Ардагер Ысман Галип

Ардагер Эмин Атагүн

Ардагер Абдуллах Йүжесес

Ардагер Эртан Алпер

Ардагер Кемал Каракоч

Ардагер Музафер Картал-тышкы кызматта болгону үчүн келе алган жок, өзү бобосо да жүрөгү биз менен...

Ардагер Али Тимур-Жандармериянын адис сержанты 2017-жылы 14-январда Битлистин элет жеринде жикчил террор уюму менен кагылышууда үч ок тийип жарадар болду.

Ардагер Изеттуллах Өзоглу-2017-жылы 29-январда Эл Бабда жаракат алды.

Улупамир кыргыздары өз дастарконунан келген элге даам таттырууну да унуткан жок...

Иш-чара шейит үй-бүлөлөрүн жана ардагерлерди Гөлбашы районундагы Моган көлүн кайыкта кыдыртуу менен уланды...



Тектеш кабарлар