Google 8-Мартка карата логотип чыгарды

Google 8-Март аялдардын эл аралык майрамы боюнча атайын логотип даярдады.

687444
Google 8-Мартка карата логотип чыгарды

Google башкы бетинде бүгүнкүгө атайылап даярдалган «doodle» деп аталган долбоорлонгон логотиптин үстүнө басканыңызда ар башка кесиптик тармактардагы аялдар, балдар менен кошо көрүнөт.

Жыл сайын 8-мартта белгиленген жана БУУ тарабынан долбоорлонгон эл аралык күн болгон Дүйнөлүк аялдар күнү, адам укуктарынын негизинде аялдардын саясий жана социалдык аң-сезиминин өнүктүрүлүшүнө, экономикалык, саясий жана социалдык ийгиликтеринин куттукталышына бөлүнгөн.

Түркияда болсо 8-Март аялдардын эл аралык күнү алгач ирет 1921-жылы «Эмгекчил айымдар күнү» катары белгилене баштады.

«doodle» ишке ашыруулары болсо дүйнөлүк өлкөлөр үчүн маанилүү күн жана эс алууларга, маданий окуяларга жана тарыхта орун алган маанилүү кишилерге бул платформада орун берип көңүл бурууну максаттоодо.

Интернет колдонуучулары атайын долбоорлонгон логотиптин үстүнө басып, ал күнгө, кишиге жана темага байланыштуу дагы кеңири маалыматтарга жете алат.

 



Тектеш кабарлар