Морган Фримандуу Түрк аба жолдорунун жарнамасы
Американын FOX телеканалынын оюндун алдындагы сереп салуу программасы Түрк аба жолдорунун спонсорлугунда берилди.
Морган Фримандуу Түрк аба жолдорунун жарнамасы Super Bowlда жарыяланды.
АКШнын эң чоң спорттук уюштруусу жана Америка футболунун чемпиондук таймашы Super Bowlда Оскар сыйлыктуу АКШлык актер Морган Фриман ойногон Түрк аба жолдорунун жарнамасын жүз миллиондогон киши экрандардан көрүп жатышты. Бул уюштуруу 170 өлкөдө түз эфирден берилди.
Америка футболунун чемпиондук таймашы Super Bowlда New England Patriots тарыхый жеңишке жетишсе, Американын FOX телеканалынын оюндун алдындагы сереп салуу программасы Түрк аба жолдорунун спонсорлугунда берилди.
Голливуд жылдызы Морган Фриман ойногон Түрк аба жолдорунун жарнамасы оюн убагында дүйнөнүн эң чоң маркалары менен бирге FOX каналында көрсөтүлүп жатканда бир гана АКШда 100 миллиондон ашуун киши тарабынан көрүлдү.
Super Bowl 51дин тыныгуу берген учурунда АКШлык ырчы Лейди Гага сахнага чыкты.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.